Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Анын классташы Ботаникалык бакчада бычакталган
RU

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Анын классташы Ботаникалык бакчада бычакталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 13-июнда Бишкек ШИИББи жеке үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө кол салганы тууралуу билдирүү келген.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2007-жылы туулган баланын сөөгүн табышкан. Денесинен эч кандай жаракат табылган эмес.

Өзүнүн жанын кыйган бала буга чейин, тагыраагы 12-июнда Бишкектин Ботаникалык багында бычакталган өспүрүмдүн классташы жана жакын досу болгон. Бул кылмышка шектүү кармалган.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12938