Бишкектеги Ботаникалык бакчада өспүрүмдү бычактап кетишкен
RU

Бишкектеги Ботаникалык бакчада өспүрүмдү бычактап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Ботаникалык бакчада өспүрүм бычакталып каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 9-июнь күнү А.А. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, белгисиз адам саат 22:20да Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакка уулун Н.А.ны бычактап кеткенин айткан. Жабырлануучу жеринен каза болгон.

Бул факты боюнча "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 2007-жылы туулган А.Р., кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны эки айга Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына жөнөткөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12882