Депутат: Соттордун максималдуу алган пенсиясы 129 832 сом, үстөк акы 62 951 сом
RU

Депутат: Соттордун максималдуу алган пенсиясы 129 832 сом, үстөк акы 62 951 сом

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында "КР судьяларынын статусу жөнүндө КР Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда эл өкүлдөрү арасында кызуу талкуу жаратты.

"Судьялардын макамы жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча" мыйзам долбоорунун демилгечиси Жеңишбек Токторбаев үстөк акыга кеткен акчаны башка максатта жумшоо керек деп эсептейт.

"Учурда судьялардын максималдуу алган пенсиясы -129 832 сом, ал эми чектелген үстөк акынын төмөнкү өлчөмү - 62 951 сом. 2010-жылдан 2022-жылга чейинки убакта экс-судьялар 166 701 сом пенсия алышкан. Ал эми аларга берилген үстөк акынын суммасы 257 миллион сомду түзгөн. Бул деген үстөк төлөм пенсиянын базалык өлчөмүнөн 154% жогору", - деди ал.

Токторбаев соттордун пенсиясынын үстөк акысын алып коюуну сунуштап, аларга бир жылда берилген үстөк акынын суммасына минималдык пенсия өлчөмүндө 51 миң адамга пенсия берүүгө жана жыл сайын беш мектеп курууга болорун белгиледи.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору тескеринче соттор арасында коррупцияны күчөтөт деп мыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын билдиришти.

Кыргызстанда сот, прокуратура кызматкерлеринин айлык акы, пенсиясы, аларга төлөнүп берилүүчү кенемте маселеси өткөн айдан бери коомчулукта кызуу талкууланып келет.

15-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети иш учурунда каза болгон Чаткал районунун прокурорунун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон.

17-май күнү президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын бергенин маалымдаган. Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда ал "компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай" болушу керектигин айткан.

Андан соң Каржы министрлиги "Прокуратура жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштаган.

Документтин демилгечилеринин бири Жеңишбек Токторбаев түшүндүрмө берди.

"Аталган мыйзам долбоорунун максаты соттордун пенсияларын адилеттүү дайындоо жана пенсияга камсыздандыруу мүнөзгө ээ болгон кошумча төлөмдөрдү кыскартып, мамлекеттик казынанын чыгашаларын оптималдаштыруу", - деди ал.

Долбоор жөнүндө түшүндүрмө берип жаткан депутат Токторбаев парламентте отурган Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевден канча айлык аларын сурады. Ал 56 миң сом эмгек акы аларын белгиледи.

"Мен пенсияга чыксам 10 миң сомдун тегереги менен чыгам. Сегиз миң сом. А Жогорку Соттун төрагасынын орун басары пенсияга чыкса 125 миң сом менен чыгат", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13033