Маркум прокурордун үй-бүлөсүнө 21,7 млн сом берилмей болду
RU

Маркум прокурордун үй-бүлөсүнө 21,7 млн сом берилмей болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза тапкан Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 млн сом берилет. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди.

Буга чейин компенсация берүү маселеси Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралып, депутаттардын нааразычылыгын жараткан.

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев 21,7 миллион сомду прокурордун үй-бүлөсү алган, албаганына кызыкты.

"Жогорку Кеңештен макулдук бериле элек, азырынча каражат расмий которула элек. Бирок маселе чечилет", - деди Коңкубаева.

Буга чейин Башкы прокуратура мындай норма укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине колдонуларын билдирген. Ага ылайык, кызмат өтөө мезгилинде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Эске салсак, былтыр июль айында Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков Бишкектен баратканда автоунаасы ала салып кеткен. Машинанын ичинде сегиз киши болгон, башкалары жаракат алып, прокурор көз жумган.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12513