Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгуусуна кайсы өлкөлөр катышары белгилүү болду
Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүсү болуп өттү. Маалыматты Коргоо министрлигинен билдиришти.
Штабдык сүйлөшүүнүн катышуучулары машыгуу өтүүчү районду, аэродромду, жүктөп-түшүрүгө ылайыкталган жайларды жана кыймыл каттамдарын изилдөө (рекогносцировка) жүргүзүштү.
Алдыдагы маневрга оперативдик топтор жана Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистандын аскер контингенттери тартылат.
Эскерте кетсек, ЖККУ Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусу Кыргыз Республикасынын аймагында күзүндө өтүп, анын жүрүшүндө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо кызыкчылыгында ЖККУ жамааттык коопсуздук тутумунун күч жана каражаттарын колдонуу менен кризистик зонадагы чыр-чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча маселелер иштелип чыгат.