Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт. Президент уюмдун башкы катчысы менен сүйлөштү
RU

Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт. Президент уюмдун башкы катчысы менен сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи.

Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында ушул жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулгус боордоштук-2023" машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

"Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат.

Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар", - деп ал баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун компетенциясынын бардык аспектилери боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу бекемдөө, коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү аскердик-саясий эл аралык уюм катары потенциалды арттыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, уюмдун кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Тараптар ЖККУнун алкагында бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10799