Адахан Мадумаров: "Адам реалист болушу керек. Мен мындай болорун билгем".Видео
RU

Адахан Мадумаров: "Адам реалист болушу керек. Мен мындай болорун билгем".Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк бөлүгү кесиптеши Адахан Мадумаровго карата кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратуранын сунушун колдоп берди. Жабык жыйында кабыл алынган чечимден кийин эл өкүлү Адахан Мадумаров Ак үйдүн алдына чогулган тарапташтарына жолукту.

Эл чогулат деп ойлогон эмесмин

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Жогорку Кеңештин алдына эл чогуларын күтпөгөнүн айтып, алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен чындыгында эл келет деп ойлогон эмесмин. Биз эртеден кечке жыйындар залында болдук. Азыр эле эл чогулду деп айтышты. Муну уккан соң эшикке чыгып, элге рахмат айтып коёлу дедик. Ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Адам реалист болушу керек. Мен мындай болорун билгем.

Мадумаров кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгү сунушту колдой турганын алдын ала билгенин айтты.

"Адам реалист болушу керек да. Күтүш керек. Мага кесиптештерим келип, "мени кечирип коюңуз" деп айтышты. Мындай болорун билгем.

"Бул окуяны көрүп Кутузовдун окуясы эсиме түштү. Бир окуяда Кутузов туура чыгып, падыша кечирим сураганда: мен кечирем, Кудай кечирээр бекен деп жооп берген.

"Ошол окуя сыяктуу мен дагы кесиптештеримди кечирем. Бирок, Кудай кечирет болду бекен?", - деди депутат.

Мадумаров так кайсыл депутаттар келип, андан кечирим сураганын айткан жок.

Мен былтыр айткан маселе быйыл болуп жатат

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр кесиптештерине айткан сөздөрүнөн быйыл тая турганын эскерткенин айтты.

"Мен бир калемди мисал кылайын. Бул калем. Силер муну көрүп туруп, бүгүн бул -"калем" деп добуш бересиңер. Бирок кожоюн эртеси "бул кайчы экен десе" "кокуй, биз жаңылып калыптырбыз бул - кайчы" деп добуш бересиңер деп айтканмын. Мына, бир жыл үч-төрт ай өткөндөн кийин ошол окуя болду.

Былтыр эле 100% туура эмес деп кабыл алган чечимди быйыл сааль-пааль (аздыр-көптүр-ред. kaktus) туура экен деп жатышат. Ушундай болуп калды.", - деди ал.

Бийликтин бирден - бир туткасы - эл

Эл өкүлүнө чогулгандардын бири "Мадумарводун тарапташтары Жогорку Кеңеш тарасын деп кол жыйнаса болобу?" деген суроо узатты. Ага Мадумаров "элдин эрки" деп жооп кайтарды.

"Баш мыйзам боюнча элдин эрки бар. Укугу бар. Араңардан бир киши Исхак Масалиевге "эл ушундай чечим кабыл алса, Мадумаров токтотпойбу?" деген каймана суроосун берди. Биз айтып жатабыз - бийликти бириктирген тутканын бири эл.

Биз колубуздан келгенинин барын жасадык.

А сиздер кандай чечим кабыл аласыздар, ал сиздердин эркиңиздер", - деп тарапташтары менен жолугушуусун аяктады Мадумаров.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин алдына депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулуп, башкы прокуратуранын сунушун колдогон эл өкүлдөрүнүн чечими менен макул эмес экендерин айтышып, парламентти таратуу керек деп нааразычылыктарын айтышкан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13045