"Парламент таркасын!". Мадумаровдун шайлоочулары депутаттардын чечимине нааразы (видео)
RU

"Парламент таркасын!". Мадумаровдун шайлоочулары депутаттардын чечимине нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун митингге чыккан тарапташтары Башкы прокуратуранын сунушу боюнча эл өкүлүнө карата иш козгоого макулдук берген парламентти таратыш керек деп эсептешет.

Алар Ак үйдүн алдына чогулуп, "Парламент таркасын!" деген чакырыктарды айтып, бийликтен акыйкаттыкты талап кылышты.

Ал арада күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү келип, Ак үйдүн алдында митинг кылып, чакырыктарды айтууга болбой турганын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13043