ЖРТдан жогорку балл алган Аскат: Ата-энем бир жыл ар кандай жумуштардан бошотту
RU

ЖРТдан жогорку балл алган Аскат: Ата-энем бир жыл ар кандай жумуштардан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл өлкөдө 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификаттын" ээси болушту. Алардын бири Талас шаарындагы Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектептин бүтүрүүчүсү Аскат Рахымбеков.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 225 балл алган Аскат Kaktus.kg сайтына ийгилиги жана алдыга койгон максаттары тууралуу маек курду.

- Аскат, куттуктайбыз! Кубанычтуу кабарды кимден уктуң? Сезимдериң кандай болду?

- Рахмат! Албетте, бул сүйүнүчтүү болду. Кабарды досумдан уктум, ошол убакта "Алтын сертификат" алуу үчүн кем дегенде 225 балл керек экен деген кеп чыгып, үмүтүм үзүлүп, капаланып диванда жаткам. Бир убакта досум мага түшүнүксүз нерселерди жаза баштады: фамилиямды сурады, таштай катуу экенимди айтты. Андан кийин мага скриншот жөнөттү, мен аны фотошоп деп ойлогом. Бирок анын чын экенине көзүм жеткенде, маанайым начар экенине карабай кыйкырып, секирип баштадым.

- Кайсы окуу жайды, кандай адистикти тандадың?

- "Алтын сертификаттын" ээлери үчүн жогорку окуу жайды тандоо мүмкүнчүлүгү анчалык деле кеңири эмес. Мен БААУ же Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бирин тандайм дегем. Бирок Ала-Тоо эл аралык университетин тандап алгандарды түшүнбөйм, анткени бул ошол эле БААУ, дүйнөлүк рейтингге таптакыр кирбейт. Жеке мен өзүм "Манасты" тандадым. Анткени QS World жана THE (Times Higher Education) рейтингдерине ылайык, Кыргыз-Түрк "Манас" университети Кыргыз Республикасындагы эң мыкты университет болуп саналат. Азырынча кайсы адистикти тандай турганымды чече элекмин.

- "Алтын сертификат" кандай мээнет менен келди? Канча убактыңды короттуң?

ЖРТга март айынан баштап даярдана баштагам. 600 беттик орус тилинин грамматикасы боюнча китепти алып, күнүгө окууга туура келди. Бир жыл бою кант кошулган чайдан баш тартууга мажбур кылды.

- Кандай методдорду, лайфхактарды колдондуң? Сөзсүз курстарга барыш керекпи?

- Менин "Алтын сертификат" алуумдун сыры - күн сайын сабакты бышыктоо. Ал эми лайфхактар абдан көп. Ал үчүн сынамак тесттерден өтүп, чечүү керек.

  • Математиканын биринчи бөлүмүндө тилкелерди салыштыруу керек, анда чындыгында 9-класста окуткан теңсиздиктин 30 мисалы бар. Бул теманы мыкты түшүнүү, чечүү сизге 10го жакын лайфхактарды иштеп чыгууга жардам берет.
  • Аналогия бөлүмүндө философ болуунун кереги жок, көпчүлүк сыяктуу эле ойлонуу маанилүү, ошондой эле байланыштын бардык түрлөрүн билүү жана аларды сезүү да абдан зарыл.
  • Окуу жана түшүнүү бөлүмүндө - сөз, мисал, далил жана башка ушул сыяктуулар эмне экенин билүү керек.
  • Грамматика бөлүмүндө орфографиянын жана пунктуациянын бардык негизги эрежелерин билүү шарт. Логиканын жардамы менен сиз дайыма 2 туура эмес жоопту жокко чыгара аласыз.

Курстарга баруунун кереги жок, бирок китептер даярдоо процессин жеңилдетет.

- Тесттин суроолору оор бекен? Эмнеге көңүл буруш керек?

- Математика абдан жеңил болду, бул жерде маселени чечүү ылдамдыгына көңүл буруу керек. Тагыраагы, бардык жоопторду жок дегенде 1 жолу текшергидей убактыңыз болушу зарыл.

Аналогиялар, көпчүлүктүн ою боюнча, абдан көйгөйлүү бөлүм. Бул жерде мен абдан көп - 6 ката кетирдим. Мага чейинки "Алтын сертификаттын" ээлеринен сурасам, 3 ката болсо "Алтын сертификат" албай каласың дешкен.

Окуу жана түшүнүү бөлүмүндө суроо сизден эмнени талап кыларын түшүнүү маанилүү. Мисалы баяндоону камтыйт жана баяндама болуп эсептелет деген такыр башка нерселер.

Жалпысынан аябай кунт коюу керек, анткени менин досторумдун бири капарына албагандыктан, Б жообунун ордуна В жообун 2 жолу боёп, президент менен кол алышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды.

- Тесттин суроолоруна жооп берүүдө критикалык ой жүгүртүү маанилүүбү же билим базасыбы?

- Логика да, билим базасы да маанилүү. Базаңыз жок болсо математика жана грамматика бөлүмүн чече албайсыз. Логикасыз аналогия жана окууну түшүнүү бөлүмүн чече албайсыз.

- Хоббилериң тууралуу айтып берсең...

- Бош убактымда илимдердин падышасы болгон математиканы окуганды жакшы көрөм.

- Өзүң, ата-энең тууралуу маалымат дагы кызык болуп турат...

- Жашым 18де. Таласта төрөлүп, чоңойгом. 3-класска чейин бааларым өтө начар болчу. Ошондон улам ата-энем мени репетиторго жиберишкен. Андан кийин жалаң "5" деген баага окуй баштадым. 6-класстан баштап үй тапшырмасын аткарбай калдым, аткарсам математика, орус тилинен гана болчу. Ал эми 10-класста үй тапшырмасын такыр аткарбай калгам.

Менин сонун үй-бүлөм бар. 2 бир тууганбыз. Мен улуусумун. ЖРТ сынагына бир жыл калганда ата-энем мени ар кандай үй жумуштарынан бошотту, ашып кетсе бөлмөмдү эле тазалап койчумун.

- Алдыга кандай максат коюп жатасың?

- Чет өлкөдө билим алып, акча топтоп, бул жактан үй алып, үйлөнөм деген каалоом бар.

- Өзүңдөн кийинки бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш бересиң?

- Бардыгына кеңешим - англис тилин окугула. Ошондой эле өзүңөрдүн эмнеге шыгыңар бар экенин билип, эмнени каалап жатканыңарды түшүнүп, жашоодогу максатыңарды тапкыла демекчимин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13141