АКШда 42 жаштагы кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду
RU

АКШда 42 жаштагы кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШда жүк ташуучу унаа айдаган 42 жаштагы кыргызстандык кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу блогер Элнура Молдокадырова Instagram баракчасына билдирди.

Маалым болгондой, 42 жаштагы Б.С. Филадельфиядан келе жатып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Экинчи унаадагы айдоочу жана анын жүргүнчүсү жаракаттары тууралуу билдиришкен эмес.

"Тиешелүү кызматтар 8 сааттан ашык убакытка аймактын кире бериштерин жаап, иликтөө иштерин жүргүзүп, жолду тазалашкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бардык катышуучулар коопсуздук курун тагынышкан жана айдоочулардын бири да мас абалында болгон эмес", - деди Молдокадырова.

Ал кошумчалагандай, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн туугандары каражат чогултуп жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча буларды билдирди.

Учурда бул маселе боюнча КРнын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: www.nnov.kp.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13183