АКШда 2 адам каза болгон кырсыкка кыргызстандык жигит айыпталууда. Министрликтин маалыматы
RU

АКШда 2 адам каза болгон кырсыкка кыргызстандык жигит айыпталууда. Министрликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШда адам өлүмү менен коштолгон автокырсыкка кыргыз жараны айыпталууда деген маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз жараны деген болжолдуу маалымат, учурда тактоо жүрүп жатат.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунан жол кырсыгы 28-апрелде Небраска штатында катталган. Анда болжол менен Кыргыз Республикасынын жараны айдап бара жаткан Dodge Ram үлгүсүндөгү унаа Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Hyundai Santa Fe унаасынын бир жүргүнчүсү (46 жаштагы аял) окуя болгон жерде каза болуп, калган төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөндөн кийин дагы бир жүргүнчү (13 жаштагы секелек) каза болгон.

Dodge Ram унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү өмүрүнө коркунуч келтирбеген жаракаттар менен Нортон округунун ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан чыккандан кийин Dodge Ram унаасынын айдоочусу К.У. (жарандыгы такталууда), атайылап киши өлтүрүү беренеси менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда жана маселени көзөмөлгө алды.

Буга чейин Небраска штатында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталып, ага кыргызстандык 28 жаштагы жаран шектелип жатканын Denver7 порталы жазган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: CarsWeek.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11999