Президент жергиликтүү бийликке өткөн аэропорт боюнча: Ордуна башка нерсе курулса буздурам
RU

Президент жергиликтүү бийликке өткөн аэропорт боюнча: Ордуна башка нерсе курулса буздурам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 30 жыл аралыгында мамлекеттик менчикте турган ар кандай стратегиялык объектилер жеке колдорго ар кандай максаттарга өткөнүн, учурда мамлекетке таандык объектилерди кайтаруу боюнча активдүү иштер улантылып жатканын айтты. Бул туурасында өлкө башчы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратына капсула салуу иш-чарасында белгиледи.

Садыр Жапаров, ага түшкөн маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аэропорт 2000-жылдары эле облустук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын балансына мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Буга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигине тез арада аталган объектини өз балансына кайтаруу маселесин чечүү тапшырылды.

"Эгерде бул объекттин ордуна бир нерсе курулса, тургузулса, анда барын бузууну тапшырам. Силер бул объектти ошол жылдардагы калыбында кайтарып алышыңар керек", - деп тапшырды.

Ошондой эле Каныш-Кыя айылындагы аэропорт "Манас" аэропортунун балансына кайтарылгандан кийин 2024-жылдын жазында жаңы аэробекеттин курулушун баштоону жана аны жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13185