Жүргүнчүлөр көбөйдү. "Ысык-Көл" аба майданынын жаңы аэробекетин курууга старт берилди
RU

Жүргүнчүлөр көбөйдү. "Ысык-Көл" аба майданынын жаңы аэробекетин курууга старт берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салып, ага старт берди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Долбоорго ылайык, аэробекет:

  • ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган;
  • аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 м2;
  • саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт (учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт).

Жаңы комплекстин биринчи кабатында жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залы, бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, багаж берүү залы, VIP/CIP каттоо, учуп келүү жана учуу зонасы, экинчи кабатында бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, жүргүнчүлөрдү жөнөтүү залдары, техникалык бөлмөлөр, кызматтык жайлар, кафетерий, дүкөндөр, ал эми үчүнчү кабатында жөнөп кетүү зоналары, административдик жайлар жана башкалар жайгашат деп күтүлүүдө.

Жаңы аэробекет аба каттамдары менен жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө келип-кеткен жүргүнчүлөр менен меймандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулганы турат.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында өлкөбүздүн инфратүзүмүн модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Анын ичиндеги транспорттук-логистикалык тармак маанилүү багыттардан болуп саналат.

Садыр Жапаров республика аймагындагы жолдорду, көпүрөлөрдү, аэропортторду куруу сыяктуу инфратүзүмдүк долбоорлор экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө басым жасады. Мындай долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы, калган орчундуу тармактардын өнүгүшүнө түрткү болот, алардын ийгиликтүү иштеп кетишине жол ачылат.

Президент аэробекеттин жаңы имаратынын курулушун каржылоо - "Манас" эл аралык аэропортунун өздүк каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Учурда Казармандагы, Таластагы, Кербендеги аэропорттор курулуп, модернизацияланып жатканын жана күзүндө ишке бериле турганын эске салды президент. Мындан тышкары Жалал-Абад шаарына жаңы аэропорт курулуп, эскиси башка социалдык максаттарга багытталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13181