Уу коргошунду ичкен министрди тарткан Kaktus.media'нын оператору өзүн жаман сезип жатат
RU

Уу коргошунду ичкен министрди тарткан Kaktus.media'нын оператору өзүн жаман сезип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынын өткөрүп, түз эхфир учурунда уу коргошунду жылытып ичти. Процести тарткан Kaktus.media'нын оператору өзүн жаман сезип жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргошун башкача айтканда ысык-көлдүн тамырынын тундурмасы менен дарыланууну сунуштады. Анын сөзүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Бул билдирүү тастыктоочу медицина өкүлдөрүнүн терс пикирин жаратты. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт башчысын колдоого алды. Министр басма сөз жыйыны учурунда уу коргошунду жылытып ичти.

Министр уу коргошунду электр чайнегине куюп, ысытып жатканда, бир нече операторлор процестти камерага тартып алуу максатында жакыныраак барышкан. Kaktus.media'нын операторунун айтымында бир нече мүнөттөн кийин, тараган жыттан башы айлана баштаган.

Редакцияга келгенден кийин анын абалы күчөп, жүрөгү айланып, кузду.

Биз тез жардам кызматына кайрылып, ууланган учурда эмне кылыш керек деп сурадык. Оператор уу коргошундун буусунан ууланганын уккандан кийин абалы күчөсө дароо медициналык жардам алууга кайрылсын, деп кеңеш беришти.

Белгилей кетсек, өзүн жаман сезип жатам деп, конференцияга катышкан башка редакциянын журналисти да билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1318