"Президент экөөбүз кайнатып жатабыз". Министр уу коргошунду кантип жасаганы айтып берди
RU

"Президент экөөбүз кайнатып жатабыз". Министр уу коргошунду кантип жасаганы айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргошун башкача айтканда ысык-көлдүн тамырынын тундурмасы менен дарыланууну сунуштады. Анын сөзүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Бул билдирүү тастыктоочу медицина өкүлдөрүнүн терс пикирин жаратты. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өкмөт башчысын колдоого алды. Министр басма сөз жыйыны учурунда уу коргошунду жылытып ичти.

"Учурда клиникалык изилдөөлөр жүрүп жатат. Уу коргошунду жылытып гана ичүүгө болот. Эгер муздак бойдон ичип алса, адамдын деми кысылып, муунуп, өлүп калышы мүмкүн. Ысык ичкенден кийин дароо жылуу жатыш керек. Ошондон кийин адам жеңилдей түшөт. Эгер уу коргошунду ичип туруп, андан кийин балмуздак жесе, өлүп калат", - деди министр.

Журналисттердин, бул каражатты ким даярдап жатат, президенттин баракчасында жарыяланган видеодогу адамдар санитардык норманы сактабастан, кол кап, беткап кийбей туруп жасап жатышат, деген суроосуна "Президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Бул (уу коргошун куюлуп турган желим бөтөлкөнү көрсөтүп) кайнаганда, эч кандай антисептиктин кереги жок", - деп жооп берген.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер оорунун баштапкы стадиясында бир-эки күн мурун дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.

Малымкат. Уу коргошун, Кыргызстанда "ысык-көл тамыры" катары белгилүү. Бул өтө уулу өсүмдүк. Аны жеген мал өлөт. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, муунат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1315