Стамбулда 20 жаштагы кыргызстандык кыз жоголду. Ал он күндөн ашык убакыттан бери изделүүдө
RU

Стамбулда 20 жаштагы кыргызстандык кыз жоголду. Ал он күндөн ашык убакыттан бери изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу 20 жаштагы кыргызстандык Ж.Ш.Б аттуу айым жоголуп кеткенин кабарлаган. Бул тууралуу консулдук социалдык тармактардагы баракчасына билдирген.

24-июнь күнү Башкы консулдуктун ыкчам номерине Кыргызстандын жараны А.Ж телефон чалып, кызы Ж.Ш.Б эки күндөн бери байланышпай жатканын билдирген. Апасынын айтымында, кыз Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бара жаткан. Ал жерден Варнага чейин автобуска түшүшү керек болчу.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери дароо Сабиха Гөкче аэропортунун миграциялык кызматына кайрылышкан. Ж.Ш.Б кармалбай, Стамбулдун аймагына кирип кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда шаардын укук коргоо органдары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыз дагы деле табылат элек.

Башкы консулдук Стамбулдун укук коргоо органдары жана Ж.Ш.Бнын жакындары менен дайыма байланышта экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13198