Стамбулда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголду. Консулдуктун маалыматы
RU

Стамбулда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголду. Консулдуктун маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбулда Жазгүл аттуу кыргызстандык кыз дайынсыз болууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу билдирүү жасады.

Ушул жылдын 24-июнунда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун ыкчам кызматына А.Ж. аттуу кыргыз жаранынан билдирүү түшкөн. Ал кызы Ж.Ш.Б. Стамбул шаары аркылуу транзит менен Болгарияга бара жатканын, акыркы эки күндөн бери байланыша электигин айткан.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул шаарындагы Сабиха Гөкче аэропортунун иммиграциялык кызматына кайрылышканда Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Ш.Б. Стамбулдун аймагына киргени белгилүү болгон.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигине издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлгөн. Учурда Стамбулдун укук коргоо органдары издөө иштерин жүргүзүүдө.

Башкы консулдук Стамбул шаарынын укук коргоо органдары жана дайынсыз болуп жаткан кыздын жакындары менен туруктуу байланышта. Ошондой эле бул маселе консулдуктун өзгөчө көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13182