ЖРТдан эң жогорку балл алган Кызжибек кетирген катасы, ийгилиги тууралуу айтып берди
RU

ЖРТдан эң жогорку балл алган Кызжибек кетирген катасы, ийгилиги тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды (236) Ош шаарындагы С.Киров атындагы №4 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова алды. Ал ЖРТдан жетишерлик эле балл аларын, бирок мыкты бүтүрүүчүлөрдүн сап башында болорун күтпөгөнүн айтат.

Кызжибек Жээнбекова тууралуу

  • Орус класста окуп, мектепти жалаң 5 деген баа менен аяктады
  • Жактырып окуган сабактары - химия, биология
  • Орус тили предмети боюнча олимпиадаларга катышып келген
  • Үй-бүлөдө эң кенжеси
  • Көпчүлүк суктанган узун чачын 1-классынан баштап өстүрүп келет
  • Сүрөт тартканды жактырат

Толкунданткан жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык

Тестирлөөгө даярдыкты 11-класста эле баштагам. Сентябрь айынан тарта бардык сабактарды кайталап, билимимди бышыктадым. Ал эми химия, биология сабактары боюнча курстарга бардым. Тест тапшыруу учурунда кыйынчылык болгон жок. Бир эле нерсе - башында толкунданып, убактым жетпей калат деп математика боюнча суроолордон ката кетирип алдым.

Күтүлбөгөн "Алтын сертификат"

Тестирлөөдөн жакшы эле балл алам деп ишенгем. Бирок эң алдыңкы болом же "Алтын сертификаттын" ээси болом деген нерсе оюмда жок болчу. Тестирлөөнүн жыйынтыгын эжемден уктум. Ал мага телефон чалып сүйүнчүлөдү. Укканда аябай толкундандым, ишенген жокмун. Анан апама айттым, ата-энем, туугандарым аябай кубанышты. "Алтын сертификатты" тапшырганга чейин толкунданып, күтүп жаткам. Анан тапшыруу иш-чарасы бат эле бүтүп калды, эмне болгонун билбей калдым. Кошумча тесттердин жыйынтыгы менен сертификат алып жатканда тааныштым, аябай кубандым.

Ата-энесинин жолун жолдосом дейт

Учурда жогорку окуу жайларды тандап жаткан учурум. Кыргызстандагы, чет өлкөдөгү университеттерди карап, таанышып жатам. Эгер чет жактан билим ала турган болсом Түркиядагы окуу жайлардын бирин тандайм. Адистик боюнча айтсам, дарыгер-генетик болууну максат кылып жатам. Ата-энем дагы медицина тармагынын өкүлдөрү болгондуктан ушул тармакка аралашам деп турам. Кичинемден эле кызыгып, көп нерсени сурап, билип турчумун.

Мыкты бүтүрүүчүдөн тестирлөө боюнча кеңеш

Тест тапшыруудан мурда окуучу кайсы сабактан аксаса ошону бышыктап алышы керек. Китептерди көбүрөөк окуп, 5-класстан баштап өтүлгөн темаларды кайталаган жакшы. Курстарга баруу - бул кыска убакыт ичинде мурда өтүлгөн темаларды кайталап, алган билимди бышыктоо үчүн керек. Тестирлөө учурунда толкунданбай, жообун билген, жеңил суроолорго жооп берип, андан кийин татаал суроолорго өткөн туура.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13228