Нурдан Орунтаев: Дүкөнгө карызга жаздырган дагы күндөр болот. Менде 3 млн жок
RU

Нурдан Орунтаев: Дүкөнгө карызга жаздырган дагы күндөр болот. Менде 3 млн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку милиция кызматкери, тергөөчү жана азыркы Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев коомчулукка Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү учурунда жакшы таанылды. Акыркы "Батуми" кафеси менен болгон окуядан кийин ага карата сын-пикир, мактоо-жактоолор көп айтылып келет. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы "Саясат эле эмес" рубрикасынын алкагында Нурдан Орунтаев менен маек курду.

Маектин биринчи бөлүгү төмөнкү ссылкада.

- Өмүр баяныңызга токтолсок. Бул кесипке кантип келип калгансыз? Билишимче сиз милиция кызматкери болуп да иштедиңиз?

- Кочкор районуна караштуу Туз айылында чоңойдум. Адашпасам, 96-97-жылдары эски үналгыда үч эле канал тартчу. Ошонун биринен "Спруд" деген италиялык сериалды калтырбай көрчүмүн. Ал кино детектив эле да. Ошондон улам милиция кызматкери болом деген ой пайда болгон.

Ошонун аркасынан эле окууну бүтүп, Бишкектеги Эргеш Алиев атындагы академияга тапшырдым. Ал жерде Россияга окууга жиберүүгө тест болуп жатыптыр. Ал тесттен өтүп, алгач Россиянын Санкт-Петербург шаарына бармак болгом. Кийин Волгоградда окумай болдум. Ошентип 2006-жылы Волгограддын Ички иштер академиясына тапшырдым. Ал жакта 5 жыл окуп, 2011-жылы аяктап, Кыргызстанга келдим.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө тергөөчү болуп кирдим. Андан соң Эргеш Алиев атындагы ички иштер академиясында мугалим болдум. Кийин Сокулук районунда тергөөчү болдум. Көп өтпөй Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө, Свердлов ички иштер бөлүмүндө иштедим.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында ички иштер бөлүмүндө тергөө кызматы боюнча жетекчи болдум. Кийин Солкулук районунда ошол эле кызматты жетектедим. Андан көп өтпөй Ички иштер министрлигинде тергөөчү болуп иштедим.

2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясында мүлктү башкаруу боюнча департаментине директор болуп келдим. Эми минтип мэрдин орун басары болуп дайындалдым.

- "Батуми" маселеси козголгондо 3 миллион сом сизди мамлекетке берет деген маалымат тараган. Бул акча - мамлекеттик кызматкер үчүн көп акча. Сиз буга чейин иштеген жумуштарыңыздарда деле ал акчаны топтоп үлгүрбөсөңүз керек?

- Эми менин андай акчам жок. 3 млн. мага чоң акча. Ал акчага бүгүнкү күндө үй сатып алса болот.

- Атаңыз бул акчаны төлөшүңүз керек экенин укканда эмне деди?

- Атам урушту. Ал сарсанаа болду. Атамды көп ойлондуруп, көп кыжаалат кылбаш үчүн бардыгы тынч деп жаттым. Үйгө келгенден кийин баарын түшүндүрдүм.

- Сиз азыр болгону 34төсүз. Жогорудагы кызматтарда иштегенге кантип үлгүрдүңүз?

- "Тайманбас эмгек". Муну менен көп нерсени айтса болот. Ички иштер министринин орун басары Аширходжаев Эркебек Жумабековичтин алдында көп иштеп калдым. Ошол киши менин калыптанышыма, өнүгүп-өсүшүмө чоң салымын салды десем болот. Бул киши менен Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө таанышканбыз. Анда ал тергөө кызматынын жетекчиси болчу. Ошол киши "таза иштеш керек" деп айткан. Ошол кишинин сөзүн эки кылбастан ишке болгон аракетимди жумшап келе жатам.

- Талыкпай иштеш керек деп жатпайсызбы, үй-бүлөңүзгө убакыт жетпей калбайбы?

- Жетет. Бардыгына убакыт жеткизгенге болот. Иштеп жатам деп жумушта эле отура бербеш керек. Ошол жумушту туура алып барып, ар бир нерсеге өз убагында көңүл бурса - бардыгына жетишсе болот. Кудай бизге убакытты ченеп берген. Ошол убакытты туура колдонсок эле барына жетишебиз.

- Психологиялык көз карашта мүнөзүм кырс деп жатпайсызбы? Сырттан караган адамга сиз жабык көрүнөт экенсиз да. Эми ал ишиңизге деле байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби, тергөө кызматында канча иштедиңиз. "Ашыкча" маалыматтарды айтканга болбойт дегендейчи. Бирок, бул кандайдыр бир боштуктун белгиси эмеспи? Ошондон улам аскердей образ жасап койгон эмессизби өзүңүзгө? Балким, Нурдан жумшак? Балким Нурдан сезимтал, мүмкүнбү?

- Нурдан эки мүнөздүү. Биринчиси жумушта жүргөн Нурдан. Жана ошол жумуштан чыгып үйгө барган Нурдан. Жумушта жүргөн Нурдандын өзүнүн жүрүм-туруму бар. Ал эми үйдө жүргөн Нурдандын өзүнүн жүрүм-туруму бар. Үйдө мен кадимкидей эле кишимин. Кадимкидей кошуналарым менен сүйлөшөм. Балам менен сейилдейм, дүкөнгө барам, кээде карызга жаздырам. Ал эми жумушка келгенде өзүңдү башкача алып жүрүшүң керек. Себеби, мамлекеттик кызматкердин өзүнүн этикасы болот. Ошого туура келиш керек.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13231