Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
RU

Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку милиция кызматкери, тергөөчу жана азыркы Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев коомчулукка Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү учурунда жакшы таанылды. Анын акыркы "Батуми" кафеси менен болгон окуядан кийин ага карата сын-пикир, мактоо-жактоолор көп айтылып келет. Мындан улам, Kaktus.kg редакциясы "Саясат эле эмес" рубрикасынын алкагында Нурдан Орунтаев менен маек курду.

- Саламатсызбы, Нурдан Кемелович? Эс алуу өргүүсүнө чыгыптырсыз, убактыңызды бөлүп, маекке макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Эс алууңуз кандай башталды?

- Саламатсызбы? Ооба, эс алуу өргүүсүнө чыкканыма эки күн болду. Бирок, кайра эле жумушта жүрөм.

- Буга чейин Бишкек шаары боюнч 3 миңдей мыйзамсыз обьект алынганын айткансыз. "Батуми" чырынан кийин иштер токтоп калгандай?

- Жок, иштер өз нугунда уланып жатат. Бүгүнкү күндө Ч. Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз обьекттерди толук алып бүтүп калдык десек да болот. Андан соң, биздин пландар боюнча дагы бир катар чоң көчөлөр бар.

- Алдыда дагы канча обьектти алалык деп жатасыздар? Сиздер көптөгөн мыйзам бузуу менен салынган обьекттерди аныктап жатабыз дедиңиздер?

- Ооба, мыйзам бузу менен салынган обьектилер көп. Болгону сан менен аны азыр айтыш кыйын. Бирок, ага карабастан, район, көчө менен бөлүштүрүп алып, шаарды ирээтке келтирүү аракетин көрүп жатабыз.

- Сиз Бишкек шаарынын вице-мэри болгону талкуунун чордонунда жүрөсүз. Бул жогоруда эле айткан шаардагы демонтаж маселеси. Кээ бирлери Нурдан Орунтаев шаарды оңдоп-түзөө үчүн аракет көрүп жатат десе, айрымдары ал өзүн жогорку бийликке, эле көргөзүп жакшы кызмат алып, пиар кылып жатат дешет? Буга кандай жооп бересиз?

- Пиар боюнча. Эгер мен өзүмдү жарнамалагым келсе иш башкача болмок. Мактана турчу жерим бар: өзүдү пиарлагым келсе күн сайын, жок дегенде мен жасаган жумуштар боюнча үч пресс-релиз жазыш керек болот. Мен, тескеринче ал пиардан качканга аракет кылам.

Болгону, айрым учурда биздин маалымат кызмат иштер боюнча маалымат берүүгө туура келет. Ошондон улам, иштер тууралуу айтылат. Чындыгында, кээде маалыматты мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн таратасың, кээде отчет үчүн, кээде мыйзам бузулган учурларды көргөзүү үчүн.

Мен өзүм буга чейин тергөө кызматында иштегендиктен башкалардын көзүно көп көрүнгүм келе бербейт.

- Сиздин буга чейинки интервьюларыңызды карасам биздин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу көп айтат экенсиз? Айтматовдун чыгармаларына жакын окшойсуз?

- Чыңгыз Айтматов кыргыз тарыхындагы эң чоң инсандардын бири. Экинчиден: анын чыгармаларын көп окугам. Өзгөчө Волгоградда курсант болуп жүргөндө Айтматовдун чыгармаларын көп окудум. Мен окуган окуу жайдын китепканасында Айтматовдун китептери көп болчу. Азыр, колум бошобой жүрөт. Кол бир аз бошосо кайрадан кайталап окуюн деген ойлорум бар.

- Негизи, кандай чыгармаларга жакынсыз, кандай китептерди окуйсуз?

- Айтматводун китептерине басым жасаптырмын. Бирок, акыркы учурда физика, математикага аябай кызыгып жатам. Ага кызыгуум "Чернобль" деген сериалын көргөндөн кийин пайда болду.

Учул сериалды көргөндөн кийин илимиз изилдөөлөргө дагы кызыгуум күч алды.

- Кандай үй-бүлөөдө чоңойгонсуз? Канча бир туугансыз?

- Жөнөкөй үй-бүлөөдө чоңойгом. Беш карындашым бар. Үйдүн улуусумун. Жалгыз баламын. Апам мен 20 жаш кезде каза болуп калган. Бул турмуштун сыноосу экен. Туура кабыл алышыбыз керек. Апамдын ордуна апа болгон дагы бир апам бар. Атам бар. Ушулар менин байлыктарым десем болот.

- Жоготуу темасы баарына эле оор тема болсо керек...

- Апам мен Россияда окуп жүргөндө каза болуп калды. Мен акыркы жолу 10-ноябрда сүйлөшкөм. 14-ноябрда каза болуп калганы тууралуу кабар келди...

-Сиздин буга чейин маектериңизде мүнөзүңүз тууралуу көп сурашыптыр. Сиз ага: ооба, кырс мүнөзүм бар деп айтыптырсыз. Бул мүнөз сиз тергөөчү, милиция болуп иштеп жүрүп калыптанып калганбы же башынан эле ушундайсызбы?

- Эми, бул мүнөзүм бала кезимден эле калыптанып калган болсо керек. Кийин жумуштун аркасынан да кырс болуп калгам го деп ойлойм. Себеби, 10 жылдан ашык тергөөчү болуп иштедим. Андан мурун милиция болуп да иштегем. Ал жактан ар кандай кылмыштарды көрдүм тергедим дегендей. Ошондон улам калыптанып калган мүнөз десем туура болот го дейм.

-Кимди кумир тутасыз? Сиз үлгү болчу киши ким?

- Жердешим, улуу инсан - Турдакун Усубалиев атабыз менин кумирим. Айрым учурда тамашалап калам. бирок көзүм өткөндөн кийин менин ишим бааланып, эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанына орнотулса экен деген тилегим бар.

Маектин уландысы бар

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
БШКнын сессиясына Нурдан Орунтаевдин келишин күткөн депутаттарга мэрдин жообу
30 Май 2023, 13:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13162