Стамбулда дайынсыз болуп изделип жаткан 20 жаштагы Жазгүл табылды
RU

Стамбулда дайынсыз болуп изделип жаткан 20 жаштагы Жазгүл табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбулда дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Жазгүл аттуу кыргызстандык кыз табылды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Лира Сыдыкова Kaktus.kg сайтына ырастады.

"Азырынча кыздын аман-эсен табылганын айта алабыз, кошумча маалыматты кийинчерээк беребиз", - дешти консулдуктан.

Ал эми Ички иштер министрлигинен Жазгүл Шамуратова бүгүн, 5-июлда Стамбул шаарынан табылганын билдиришти. Азыркы учурда Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүлдүн жоголуп кеткендигинин себептери такталып жатканы маалым болду.

Белгилесек, Жазгүлдүн дайынсыз болуп, байланышка чыкпай жатканы тууралуу маалымат Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун ыкчам кызматына 24-июнда түшкөн. Апасынын айтымында, кызы Стамбул шаары аркылуу транзит менен Болгарияга бара жаткан.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигине издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлүп, издөө иштери башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13249