Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычындагы заң. Саркынды суулар аккан мыйзам бузуулар аныкталды
RU

Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычындагы заң. Саркынды суулар аккан мыйзам бузуулар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жеке үйлөрдөгү 6 түтүктү демонтаждап, андан чыккан заң калдыктары Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычына акканын аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин "МувГрин" компаниясынын эксперти Медер Алиев Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычы заң менен булганып жатканын айткан.

Жаратылыш ресурстар министрлиги муну Бишкектин төмөнкү бөлүгүндө жашаган тургундар саркынды сууларды коллектордук жана дренаждык түйүндөргө куюп жатканы менен байланыштырды. Андыктан аталган башкармалыктын кызматкерлери Төмөнкү-Ала-Арча айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте чын эле суу сактагычка агып жаткан жеке турак жайлардын 6 мыйзамсыз дренаждык түтүктөрүн демонтаждады.

"Турбаларды демонтаждоо учурунда жок болгон үй ээлерин айып пул салуу үчүн аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Жаратылыш ресурстары министрлиги.

Башкармалык мындай иштерди уланта берерин кошумчалап, тургундарды мыйзамсыз дренаждык орнотмолорду өз күчү менен демонтаждоону суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13250