3 күн тамак жеген эмес. Жоголуп, табылган кыргыз кыз тууралуу айрым маалыматтар ачыкталды
RU

3 күн тамак жеген эмес. Жоголуп, табылган кыргыз кыз тууралуу айрым маалыматтар ачыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратованы кабыл алган Кадикөй шаарынан Севинч Куртулуш аттуу ишкер айым маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайын айтып берди. Kaktus.media редакциясы Haberton материалынын котормосун берет.

Маалым болгондой, Жазгүл 24-25-июнь күндөрү Кадыкөйдө болгон жана жергиликтүү тургундар кызды аймактык милиция бөлүмүнө алып кетишкенин айтышууда. Жазгүл Шамуратованын Хасанпаша милиция бөлүмүнө кирип-чыгып кеткен учурлары видеобайкоо камераларына жазылып калган. Севинч Куртулуш кыргызстандык менен болгон сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берген.

"Мен аны Кадыкөйдө жолуктурдум. Мен бир кафеге келдим, досум Хакан бей ошол жерде болчу, орусча билгеним үчүн чалды. Мен кыз менен сүйлөштүм, ал Болгариянын Варна шаарына барышы керектигин айтты. Стамбулда адашып калганын үч күн мурун аэропорттон чыгып, андан бери эч нерсе жебегенин айтты. Кийин ушул кафеде курсагын тойгузган. Ошондой эле аэропортто чемоданын жоготуп алганын аэропортто бирөө менен урушуп кеткенин айтты. Анан ал башка автобуска түшүп, адашып кеткен", - деди ишкер айым.

Жазгүлдүн айтымында, ал Варнага программа боюнча бир нече ай мейманканада иштөө үчүн бара жаткан.

"Биз анын апасы менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Ал аэропорттон таштап кеткен же жоготкон чемоданын айта берди. Ал менден Варнага билет сатып алууну суранды, мен макул болдум, бирок ал паспортун жакын жердеги мейманканага таштап кеткенин айтты. Бирок полицияга баргысы келген эмес. Мен акыры чемодан полицияга барганда гана табыларына ынандырганга аракет кылдым.

Мен аны үйүмө чакырдым. Ал душка түшүп тамактанып алса болот дедим. Ал сууга түшүүдөн баш тартты. Бирок тамактанып, жарым саат эс алды. Кийин эжем менен сейилдеп келди.

Кийин уулум аны Хасанпаша полиция бөлүмүнө алып барган. Ал саат 19:30да милиция бөлүмүнө кирип, 23:30га чейин ошол жерде болуп, анан чыгып кеткен. Ошондон кийин мен аны көргөн жокмун. Мен ал үчүн кабатыр болдум, анткени ал өзүнө карама-каршы келген сөздөрдү айтып жатты: бир телефону бузулганын айтса, кийин саттым деди. Анан паспортун ошол кафеден алыс эмес мейманканага таштап кеткем десе, бир жоготкон чемоданга таштап кеткенин айтып жатты. Биз жергиликтүү мейманканаларга чалдык, бирок ал эч жерде катталган эмес", - деди Куртулуш.

Ошондой эле ишкер аял кызга жардам берүүгө аракет кылганын, анткени ал өзү эне болгондугун билдирди. Ал ошондой эле чет мамлекетте чет элдиктер үчүн канчалык кыйын экенин түшүнөрүн кошумчалады - себеби өзү 15-20 жыл башка өлкөдө жашаган.

Takvim айтымында, ошол эле кафеден Жазгүл апасынын Instagramдагы баракчасын телефону аркылуу таап, ага адашып, туура эмес автобуска түшүп калганын айткан бир нече билдирүүлөрдү жөнөткөн. Ал дагы апасынан кайра чалып, акча жөнөтүүнү суранган. Бирок Instagramдагы билдирүүлөр дароо окулган эмес (бул социалдык тармак башка колдонуучулардын жеке билдирүүлөрүн көрсөтпөйт, ал үчүн Direct'теги суроо-талап бөлүмүнө өтүш керек, ошол жерден гана жаңы билдирүүлөрдү көрсө болот - ред.:Kaktus.media)

Натыйжада дайынсыз болгон Жазгүл Шамуратова жоголгондон он күндөн кийин Стамбулдун башка районунан – Умраниеден табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13260