Апасы оор абалда жатканда келишимге кол койдуруп, өспүрүм мураска болгон укугунан ажыраган
RU

Апасы оор абалда жатканда келишимге кол койдуруп, өспүрүм мураска болгон укугунан ажыраган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жашы жете элек кыздын мураска ээлик кылуу укугу калыбына келтирилди. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас шаардык филиалында текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда ушул жылдын 23-январында З.К. аттуу жаран "Кадастрдын" кызматкери менен мыйзам талабын бузуп, оор абалда ооруканада жаткан Ч.О. аттуу бейтаптан мүлктү белекке берүү жөнүндөгү келишимге кол койдуруп алышкан. 2 күндөн кийин Ч.О. ооруканада каза тапкан. Натыйжада маркумдун батирин З.К.га каттап, ээлеп алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаардык прокуратурасынын актысы менен маркум Ч.О. менен З.К. ортосундагы белекке берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылды. "Кадастрдын" жооптуу кызматкери тартиптик чарага тартылды.

Ата-энесинен ажыраган өспүрүмдүн мураска - батирге болгон укугу толук калыбына келтирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13296