"Болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр орун алды". Жапаров Мирзиёевге телеграмма жөнөттү
RU

"Болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр орун алды". Жапаров Мирзиёевге телеграмма жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Анын куттуктоо телеграммасын президенттик администрациядан жарыялашты.

"Урматтуу Шавкат Миромонович, сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили.

Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча мыкты идеяларды жана принциптерди ишке ашырууну көздөгөн кадамдар эл аралык аренада Өзбекстандын аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем", - деп айтылат.

Ошондой эле Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелерине да токтолду.

"Эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй жакшы өзгөрүүлөр орун алып, маанилүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди. Сиз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңдалышына олуттуу салым кошууну улантып жатасыз, ушуга байланыштуу биз биргелешкен аракеттер менен көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да арттырабыз жана алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жана боордош эки элдин бакубатчылыгы үчүн бардык макулдашууларыбызды илгерилетүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз деген бекем ишенимимди билдирем", - деп токтолду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13334