Президент Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешкен унаа заводун курууга кол койду
RU

Президент Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешкен унаа заводун курууга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашат.

Бул мыйзам 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган.

Макулдашууну ратификациялоо республиканын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ички дүн продукциянынын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11732