Унаа башкарган 11 жаштагы баланын атасына 15 миң сом айып салынды. Видео
RU

Унаа башкарган 11 жаштагы баланын атасына 15 миң сом айып салынды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Toyota Camry унаасын жашы жете элек бала башкарып жаткан видео тараган. Анда кадр сыртындагылардын бири "акимдин баласы да" деген.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы тарабынан унаанын ээси табылып, 15 миң сом айып салынды.

Такталгандай, Toyota Camry унаасынын ээси Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну, аким болуп мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес, жеке ишкер.

Ал унааны токтотуп коюп, баласына ачыкычты калтырып кеткен.

"Баламды отуруп тур деп кетсем, унааны алдыга, артка айдап коюптур. Тентектик кылыптыр, кечиресиздер", - дейт окуучунун атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13432