Акимдин баласыбы? Унаа айдаган жашы жете элек баланын видеосу тарады
RU

Акимдин баласыбы? Унаа айдаган жашы жете элек баланын видеосу тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта окуучунун унаа айдаган видеосу тарады. Анда Toyota Camry унаасын жашы жете элек бала башкарып жатканын көрүүгө болот.

Видео качан тартылганы белгисиз. Бирок кадр сыртындагылардын бири "акимдин баласы да" дейт.

Милициянын кайгуул кызматы соцтармакка тараган видео боюнча тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилгенин, унааны табуу иштери башталганын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13412