Кызылча - көзгө көрүнбөгөн коркунучтуу оору
RU

Кызылча - көзгө көрүнбөгөн коркунучтуу оору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызылча – бул вирус козгогон өтө жугуштуу жана коркунучтуу инфекциялык оору. Кызылча адамга өмүрүнүн аягына чейин таасирин тийгизе турган оор кесепеттерге алып келет, адамды майып кылат же өмүрүн алып кетиши ыктымал.

Вакцина албаган кенже курактагы балдарда (5 жашка чыга электерде) кызылча менен ооруп калуу тобокелдиги өтө жогору жана ал оор формада өнүгөт.

Чоң адам бул ооруга чалдыгып, оор формасына өткөндө бир катар кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Мисалы: ларингит, кекиртектин стенозу, отит, бронхит, пневмония, кызылча энцефалити (мээнин сезгениши), ашказан-ичеги органдарынын жабыркашы. Кызылчадан кийинки эң көп кездешкен көрүнүш – бул пневмония (өпкөнүн сезгениши).

Бул инфекция үчүн мүнөздүү болгон нерсе – жуктуруп алуу тобокелдиги өтө жогору. Башкача айтканда, мурда кызылча менен оорубаган жана эмделбеген адам кызылчаны жуктуруп алган адам менен байланышта болсо, ал ооруп калат деген ыктымалдык өтө жогору. Кызылча аба аркылуу жугат.

"Инфекциянын булагы – бул кызылча менен ооруган адам, ал инкубациялык мезгилдин акыркы эки күнүнөн баштап, денеге майда кызыл бүртүктөр чыга баштаган төртүнчү күнгө чейин айланасындагыларга ооруну жуктура берет. Баса, кызылча учурунда денеге чыккан бүртүктөргө тийбеш керек, анын ичинде пахта таякчасы менен да кармабаш керек.

Кызылча менен ооруган бир адам эмдөөдөн өтпөгөн жана буга чейин оорубаган 18ге жакын адамды жуктурат. Бирок, оорулуунун айланасындагы адамдар вакцина алган болсо, анда оору жайылбайт. Ошондуктан кызылчага каршы жамааттык иммунитет 94 пайыздан кем болбошу керек", - деди КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунизациялоо борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Кызылчага каршы иммунитет өмүр бою сакталат. Эгерде адам вакцинанын бардык керектүү дозаларын алса же бала кезинде кызылча менен ооруп койсо, туруктуу иммунитет вируска өмүр бою каршы турат. Улуттук профилактикалык эмдөө календарына ылайык, кызылчадан коргоо үчүн вакцинанын эки дозасы керек: бала аны 1 жашында жана 6 жашта алат.

Вакцина бир эле маалда үч жугуштуу ооруга – кызылчага, паротитке жана кызамыкка каршы иммунитетти пайда кылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, 2023-жылдын январь айынын ичинде өлкөдө кызылчага жана кызамыкка шектүү 10 кан анализи лабораториялык текшерүүдөн өткөн, анын ичинен 4 анализ кызылчага оң чыккан, бир бала ооруну Түркиядан жуктуруп алган. Кызамыкка текшерилген эки анализ оң чыкты.

"Вирустар чек ара дегенди билбейт. Бирок оорунун алдын алууга болот. Алдын алуунун эң натыйжалуу жалгыз бир жолу – эмдөө. Эгерде вирус адамдардын 98 пайызы вакцина алган чөйрөгө түшсө, оору андан ары жайылбайт. Вакцинаны баары алганда жамааттык иммунитет пайда болот", - дейт Гүлбара Ишенапысова.

Кызылчадан коргоо үчүн вакцинанын эки дозасы керек: бала аны 1 жашында жана 6 жашта алат. Бул эмдөөлөр биздин өлкөнүн Улуттук эмдөө календарына киргизилген. Клиникалык изилдөөлөргө ылайык, вакцина коопсуз жана натыйжалуу. Ал кызылчадан гана коргобостон, ошондой эле паротитке жана кызамыкка каршы иммунитетти пайда кылат.

Калкты эмдөө эң ийгиликтүү жана натыйжалуу медициналык-санитардык иш-чаралардын бири болуп саналат. Ар бир бала анын өмүрүн жана ден соолугун сактай турган вакциналардан пайдаланууга укуктуу. Вакцинация – кызылча оорусунун да, башка кооптуу инфекциялардын да жайылышын алдын алуунун жалгыз натыйжалуу жолу.

Кызылча моновакцинасы менен байланышта болгон адамдарды эмдөө Кыргызстанда эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча кошумча чаралар катары жүргүзүлүүдө.

Бул бейтаптар календардык мөөнөттө милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек. Бирок буга 1 жаштан өткөн балдарга үч компоненттүү КПК вакцинасы менен эмдөө кирбейт: бул эмдөө пландуу болуп саналат.

Эгерде балаңыз кызылча оорусуна каршы эмделе элек болсо, анда вакцинаны алууга убакыт келди! Дарыгерге барганда, балаңыздын профилактикалык эмдөө Сертификатын унутпай, жаныңызга алып алыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13536