Кыргызстанда бир катар жугуштуу оорулардын саны өсүүдө. Алар
RU

Кыргызстанда бир катар жугуштуу оорулардын саны өсүүдө. Алар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бир катар жугуштуу оорулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ай сайын жарыялануучу бюллетенинде айтылат.

Эпидемиологдордун маалыматы боюнча, ушул жылдын январь айынан апрелге чейинки аралыкта сифилис, курч жана өнөкөт вирустук гепатит, кургак учук, менингит, кызамык, кызылча жана көк жөтөл оорулары көбөйгөн.

Ал эми котур, паротит, эхинококкоз, бруцеллез сыяктуу оорулар боюнча былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайган.

Ич келте, паратиф, дифтерия, селейме, кутурма оорулары катталган эмес.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: depositphotos.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12709