1-январдан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар жогорулады
RU

1-январдан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар жогорулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 1-январынан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт.

Маалыматта учурда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат деп айтылат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулайт (1000 сомдон 2000 сомго чейин).

Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул - бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзөт. 2023-жылдын алты айында 15,5 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алып, республикалык бюджеттен каржылоонун жалпы суммасы 249,8 млн сомду түздү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13553