Октябрдан баштап пенсия 500 сомго жогорулашы күтүлүүдө
RU

Октябрдан баштап пенсия 500 сомго жогорулашы күтүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пенсиянын көлөмү октябрдан баштап жогорулатуу пландалууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Социалдык фонд иштеп чыкты.

Мыйзамга ылайык, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Социалдык фонд 2023-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо коэффициентинин жогорулашына байланыштуу пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн кем дегенде 500 сомго жогорулатууну сунуштоодо.

Эгерде жаран камсыздандырууга каражатты канчалык көбүрөөк которсо, пенсиясы да көбүрөөк болору айтылды.

Социалдык фонд бул максатка 3,9 миллиард сомду кароону пландап жатат. Камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйгөндөн кийин жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөрү белгиленди.

Ведомствонун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 1-октябрга карата өлкөдө пенсионерлердин саны 765,6 миң адамды түзөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: noi.md/ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13481