Вебкам студия уюштурганга шектелген Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Вебкам студия уюштурганга шектелген Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-июлда вебкам студияларды уюштурууга шектелген Даниел Ажиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сот өттү. Биринчи Май РИИБден Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, Ажиев сентябрдын аягына чейин камакта калтырылды.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунда Ажиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү каралып, канааттандырылды. Тагыраагы, тергөө аяктаганга чейин Ажиевдин камактагы мөөнөтүн узартылып, ал 29-сентябрга чейин СИЗОдо калтырылды.

Белгилесек, Даниел Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13610