Даниел Ажиев веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалды
RU

Даниел Ажиев веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Даниел Ажиев веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Д.А. (ред.: Даниел Ажиев) жетектеген вебкам деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Э.А. аттуу жаран аталган вебкам студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылган. Ошондой эле администратор физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 доллар акча талап кылганы аныкталган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган "моделдер" делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

"Д.А. өзү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12775