Милиция Чолпон-Атада скутер эс алуучуларды сүзгөн окуянын чоо-жайын айтты. Шектүү кармалды
RU

Милиция Чолпон-Атада скутер эс алуучуларды сүзгөн окуянын чоо-жайын айтты. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 3 адамды скутер сүзүп, анын кесепетинен 2 эс алуучу каза болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайы боюнча Kaktus.kg сайтына маалымат беришти.

Ысык-Көл РИИБине 23-июлда аймактык оорукананын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда денесинен оор жаракаттарды алган 3 адам ооруканага түшүп, бирөө жандандыруу бөлүмүндө каза болуп, экөө оор абалда жатканы айтылган.

Аталган билдирүү электрондук журналга катталган. Аймактык ооруканага ыкчам тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "Таблетка" баллонун сүйрөп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Анын кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Оор жаракат алган эки бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле түнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен моюнга алды.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pexels.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13627