Көлдө скутер сүзүп кеткен кыз менен жигит каза болушту
RU

Көлдө скутер сүзүп кеткен кыз менен жигит каза болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алып жаткан кыз менен бала скутер сүзүп кеткенден кийин каза болду. Маалыматты облустук милициядан Kaktus.kg сайтына ырасташып, кеңири маалыматты жакынкы убакытта берерин айтышты.

Маалым болгондой, окуя 23-июлда Чолпон-Ата шаарында болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Чолпон-Ата жалпы дарыгердик борборуна 2 кыз жана 1 жигит кайрылган. Эки бейтап алган жаракаттарынан улам каза болду. Ал эми бир кыздын баш мээси чайкалып, оорукананын хирургия бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу дешет министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Pixabay.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13626