Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
RU

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык төрөт үйүндө 23 жаштагы келин көз жаргандан кийин каза болду. Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2000-жылы туулган келин Ош облусунун Алай районунун Будалык айылынын тургуну. Ал 23-июлда тун баласын төрөгөн. 29-июлда таңга маал өзүн жоготуп, абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүнө киргенде кан басымы төмөндөп, ошол жерден көз жумган.

Маркумдун ата-энеси жана жолдошу, ошондой эле жакын туугандары эч кимге эч кандай доосу жок экенин жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты дешет милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13751