Төрөтканада полго түшүп кеткен ымыркай үйүнө чыгарылды
RU

Төрөтканада полго түшүп кеткен ымыркай үйүнө чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №1 төрөт үйүндө төрөт учурунда полго түшүп кеткен ымыркайдын абалы канааттандырарлык болуп, эне, бала үйүнө чыгарылды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, ымыркай эмчекти кыйынчылыксыз эле эмип калды.

"Кыймылдары да жакшы. Бала толук кароодон өттү. Эне, бала ооруканадан чыкты. Профессор Нурмухамед Бабажанов алдыда эч кандай көйгөй болбошу керектигин айтты. Көрүүсү жайында, колдорунун, буттарынын кыймылдары жакшы. Бала активдүү. Эч кандай өзгөрүү процесси жок. Саламаттагы жайында. Бирок биз ага көз салууну улантабыз. Жашаган жери боюнча поликлиникада педиатрлар байкоо жүргүзүшөт", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда төрөт учурунда баласы полго түшүп кеткен келиндин билдирүүсү тараган. Ал төрөтү башталганын дарыгерлерге эскертип, бирок убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын аныктап, тергөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырууну убада кылган.

Баланын абалы оор экени кабарланган. Kaktus.media редакциясына өздүк булактар жаңы төрөлгөн ымыркайдын баш мээси чайкалып, баш сөөгүндө сынык бар экенин айтышкан. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркайдын абалы жакшырып жатканын билдирген. Ал эми төрөт үйүнүн дарыгерлерине сөгүш жарыяланган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: CC0/congerdesign.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13490