Президенттин коррупцияга шектелген инисинин камактагы мөөнөтү узартылды
"Коррупция" беренеси боюнча карамлган Улан Жапаровдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.kg сайтына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта болот.
Белгилесек, 6-июлда президенттин аталаш иниси Улан Жапаровдун кармалганы маалым болгон.
Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13774