Садыр Жапаровдун тууганы ИИМ тарабынан кармалганы ырасталды
RU

Садыр Жапаровдун тууганы ИИМ тарабынан кармалганы ырасталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун тууганы кармалганын Kaktus.media ырастады. Айтымында, кармалган жаран ырасында эле президенттин аталаш иниси болот.

Ал арада президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Улан Жапаров ИИМ тарабынан кармалганын билдирди.

"32 жаштагы Улан Жапаров (эки бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.

Тактап кетейин, Садыр Жапаров кимде-ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт.

Ошондой эле президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", - деди ал.

Белгилесек, Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалып, 26-июлга чейин камакка алынганы белгилүү болду. Ал өлкө башчынын тууганы экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13273