Баткенде 60 жаштагы киши кайнисин жана анын баласын атканга шектелди
RU

Баткенде 60 жаштагы киши кайнисин жана анын баласын атканга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 49 жаштагы киши жездесинин огунан каза тапты. Андан тышкары маркумдун уулу жаракат алды дешет облустук милициядан.

Башкармалыктан билдиришкендей, 2-августта саат 18:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Чаувай айылында 60 жаштагы Б.Б. 49 жаштагы Т.Ш.ны жана анын 22 жаштагы Т.К. аттуу баласын курал менен атканы маалымдалган. 49 жаштагы Т.Ш. алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми анын уулу 22 жаштагы Т.К. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзгөн.

Такталгандай, Кадамжай районунун Чаувай айылынын тургун Б.Б. ошол эле айылда жашаган 49 жаштагы кайниси Т.Ш. менен мурдатан жер тилкесин талашып келген. 2-августта саат 18:00 чамаларында алар сөз талаша кетишип, Б.Б. мас абалында ок атуучу куралы менен кайнисинин сол колуна, андан кийин Т.Ш.нын жанында жүргөн баласы 22 жаштагы Т. К.нын оң жак желкесине атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Маркумга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Бул факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13789