Адам өлтүрүүгө шектелген чет элдик жаран Бишкектеги мейманканадан кармалды
RU

Адам өлтүрүүгө шектелген чет элдик жаран Бишкектеги мейманканадан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, коңшу өлкөнүн жараны 1992-жылы туулган А.Б. мейманканалардын биринде жүргөнү аныкталып, кармалды. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан 99-берене "Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү" боюнча издөөдө жүргөн.

Алынган маалыматка караганда, жогоруда аталган жаран оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Такталгандай, А.Б. 17-июлга караган түнү 28 жаштагы фитнес-машыктыруучуну атып өлтүргөн. Бул факты боюнча Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алууга чечим чыгарган. Шектүү акыркы факты катталганга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13758