ТОП-100 университетке кирбеген ЖОЖго тапшыргандарга да президенттик стипендия берилдиби?
RU

ТОП-100 университетке кирбеген ЖОЖго тапшыргандарга да президенттик стипендия берилдиби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы дүйнөнүн ТОП-100 университетинин рейтингине кирбеген жогорку окуу жайларга тапшырган талапкерлерге да ыйгарылганы боюнча түшүндүрмө берди.

Президенттин 2023-жылдын 21-июнундагы №161 жарлыгына ылайык, "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.

Жобого өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 10-июлуна чейин узартылган.

"Тандоодон өткөндөрдүн арасында дүйнөнүн ТОП-100 университетинин рейтингине кирбеген жогорку окуу жайларга тапшырган талапкерлер болгон" дегендерге жобонун 1-пунктуна ылайык, ЖОЖдордун рейтинги гана эмес, билим берүү программасынын рейтинги да эске алынгандыгын билдиребиз.

"Эл үмүтү" стипендиясын алууга 63 адам катталган. Анын ичинен 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Документтердин толук пакети 18 адамда гана болгон. Бирөө баш тарткан. Республикалык комиссия "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттарды тандады.

Президенттик "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелеринин 3.13-пунктуна ылайык, "Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат", - дешти министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: iStock.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13802