Эмилбек Каптагаев Министрлер кабинети Жыргалаң кени боюнча так эмес маалымат таратты дейт
RU

Эмилбек Каптагаев Министрлер кабинети Жыргалаң кени боюнча так эмес маалымат таратты дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев Министрлер кабинети Жыргалаң кени боюнча туура эмес маалымат таратты дейт. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

"Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи шахта Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы. Чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле. "12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди" дегенди уккан ак-суулуктар, жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?", - деп жазды ал.

Министрлер кабинетинен Каптагаевдин билдирүүсү боюнча Kaktus.media сайтына комментарий берген жок.

Белгилесек, 3-августта Министрлер кабинети билдирүү тараткан. Анда Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышканы, кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында президенттин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13807