10 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кенинде иш жанданды
RU

10 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кенинде иш жанданды

Все самое интересное в Telegram

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында президенттин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана Каракол шаарын, ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылары айтылды.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылат. Кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу аталган аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13790