Аксыда 9 жаштагы баланы тууганы кокусунан атып алды
RU

Аксыда 9 жаштагы баланы тууганы кокусунан атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 9 жаштагы баланы тууганы атып алды. Окуя тир ойноп жатканда болгонун облустук ички иштер башкармалыгынан редакциябызга ырасташты.

Такталгандай, 2-августта болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну - 9 жаштагы А.К. аттуу баланы Н. аттуу тууганы тир ойноп жатып кокусунан көзүнө атып алганы кабарланган.

Кырсыктын кесепетинен А.К. Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Аталган факты маалыматтардын электрондук каттоо журналына "кокустук" деп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: businessxxl.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13809