Ошто 6 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Адис алар кандай шартта жуктуруп алганын айтты
RU

Ошто 6 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Адис алар кандай шартта жуктуруп алганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 6 адамдан сибирь кулгунасы аныкталды. Маалыматты редакциябызга Ош облусу боюнча кызматтык иш-аракетти координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Бекмырза Каныбеков ырастады.

Айтымында, күйдүргүнү жуктургандардын үчөө Кара-Суудан, дагы үчөө Өзгөндөн. Алардын ооруну жуктуруп алуу очогу эки башка, бири-бири менен байланышы жок.

"Кара-Сууда 3 адам сибирь кулгунасын жуктуруп алганы лабораториялык текшерүүдөн аныкталды. Бейтаптардын айтымында, алар Баткендин базарынан мал алып келип, үй шартында союшкан. Малдын эти таратылган. Бүгүнкү күндө бейтаптар менен байланышта болгон 95 адам көзөмөлдө турат. Алардын абалдарына көзөмөл жүргүзүү үчүн 4 медициналык топ түзүлгөн. Күн сайын текшерилип, антибиотикалык терапия жүргүзүлүүдө, дары-дармек министрлик тарабынан камсыздалды.

Андан тышкары Өзгөн районунда да 3 адамдан сибирь кулгунасы аныкталды. Маалым болгондой, бир үй-бүлө үй шартында торпок союшкан. Андан кийин ылаңдын белгилери байкалган. Учурда дарыланып жаткандар бир үй-бүлө мүчөлөрү, контактта болгондор көзөмөлдө", - дейт дарыгер.

Адис кошумчалагандай, учурда бейтаптардын абалы туруктуу. Жогорудагы эки аймакта тең малдын эти толук жок кылынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрацяилык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13838