Таласта катталган сибирь жарасы: 53 адам көзөмөлгө алынып, айылдагы мал эмделди
RU

Таласта катталган сибирь жарасы: 53 адам көзөмөлгө алынып, айылдагы мал эмделди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Узап кеткен аптада Талас облусунун Көк-Сай айылынын тургундарынан сибирь жарасы аныкталып, ооруканага түшкөн. Бүгүнкү күндө бейтаптар дарылануусун улантып жатышканын Саламаттыкты сактоо министрлигинни облустагы координатору Айжамал Шамбетова Kaktus.kg сайтына билдиди.

Айтымында, бейтаптардын абалдары канааттандырарлык.

Бейтаптар ооруканага түшкөндөн кийин 2 күн бою дене табы көтөрүлгөн. Азыр жакшы, эч кандай даттануулары жок. Болгону жарасы айыга элек. Качан үйлөрүнө чыгары белгисиз. Негизинен ооруканага алгач бир бейтап, эртеси дагы 3 киши түшкөн. Алардын экөөнөн сибирь жарасы лабораториялык текшерүүдө аныкталды. Ал эми эки бейтаптын анализи таза деп чыкты. Бирок аларда жара пайда болгондуктан ооруканада кармап жатабыз. Айрым учурда анализ таза деп көрсөтө берет. Бейтаптар алдыда дагы анализ тапшырышат.

Ал эми жарандар сойгон малдын эти ошол күнү эле алынып, жок кылынган. Айылдарга ветеринардык чектөөлөр киргизилип, блок посттор коюлган. 53 адам көзөмөлгө алынган, бүгүнтөн тарта аларга байкоо салуу токтотулду.

Сибирь жарасы менен жабыркагандар Көк-Сай айылынын жашоочулары. Аталган айыл менен Шекер айылы жакын болгондуктан эки аймакка тең ветеринардык чектөөлөр киргизлген.

Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов учурда карантиндик чектөөлөр алына электигин белгиледи.

"Айылда илдет катталды дегенден кийин бардык мал эмделди. Азырынча чектөөлөр алына элек. Малды эмдөө иштери бүгүн, 18-июлда Шекер айылында башталды", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7563