Бир күн мурда иш таштаган троллейбустун айдоочулары каттамга чыгышты
RU

Бир күн мурда иш таштаган троллейбустун айдоочулары каттамга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 11-августта троллейбустун айдоочулары маянаны көтөрүү талабын коюп, иш таштаган. Бүгүн, 12-августта айдоочулар жумушка чыгышты.

Маалым болгондой, саат 08:00дө Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүдөн кийин иш таштаган айдоочулар кайра жумуштарына чыкмай болушту.

Белгилей кетсек, айдоочулардын айлык-маяналары 50 миң сом болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13911