Троллейбустун айдоочулары иш таштады
RU

Троллейбустун айдоочулары иш таштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-августта Бишкекте троллейбустардын айдоочулары иш ташташты. Алар эмгек акыны көтөрмөйүнчө линияга чыгуудан баш тартышты.

Жүргүнчүлөр троллейбустар аялдамадан токтобой, салону бош эле өтүп жатканын айтышат.

Ал эми айдоочулар Kaktus.media сайтына талаптары аткарылмайынча ишке чыкпай турганын билдиришти. Белгилесек, айдоочулар маянаны 70 миң сомго чейин көтөрүү талабын коюшууда.

Эске салсак, 10-августта троллейбустун айдоочулары иштен жапырт кетип жатканы белгилүү болгон. Буга мэриянын троллейбус, автобустарда накталай төлөмдөрдү токтотуу чечими себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13906